Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тажик аскерлери миномет колдонууда. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тынчый элек

03.06.2022 13:57
873
Тажик аскерлери миномет колдонууда. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тынчый элек

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда Баткен районундагы Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына өтүп кеткенин аныкташкан. Бирок кыргызстандык чек арачылардын аймакты таштап чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, аларды көздөй ок атышкан. Анын кесепетинен эки тараптан тең ок атылып, тажик тарап минометтон ок чыгарган.


Чек ара кызматынын алдын ала берген маалыматы боюнча, кыргызстандык чек арачылар жабыркаган эмес.


Окуя боюнча тажик тарап маалымат бере элек.


Чек ара кызматы саат 13:00гө карата атышуу уланып жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн