Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүү 2 жолу натыйжасыз болгон

11.11.2021 12:28
486
Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жаранын  өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүү 2 жолу натыйжасыз болгон

Баткен облусунун Лейлек районунун Сада жергесине жакын жерде Тажикстандын аймагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 24 жаштагы кыргызстандык Айдарбек Хайдаровду кармап кетишти.


КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча, А.Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатат. Ал Тажикстандын аймагында атасы жашаган Пахтакор жергесинде кармалган.


Жаран А. Хайдаровдун мекенине кайтып келүү маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки республиканын Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуулар болгон.


Белгиленгендей, маселе КР УКМК жетекчилигинин көзөмөлүндө болуп, кыргызстандык жаранды мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн