Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:21
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Тажик аскерлерине туткунга түшүп калган кыргыз аскери өткөрүлүп берилди

10.07.2021 11:28
869
Тажик аскерлерине туткунга түшүп калган кыргыз аскери өткөрүлүп берилди

Кырызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З. Умаров Кыргызстанга өткөрүп берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.


Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 10-июль, саат 10:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу.


"20201-жылдын 10-июлунда саат 00:55те прапорщик Умаров "Кайрагач" бекети аркылуу Кыргызстанга жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.


Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн