Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тажик бийлиги Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттоп жатат деген маалыматты четке какты

05.10.2021 13:32
1901
Тажик бийлиги Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттоп жатат деген маалыматты четке какты

Тажикстандын Энергетика жана суу чарба министрлиги Кыргызстанга электр энергиясы сатылбаганын айтып чыкты. Бул тууралуу "Азия Плюс" кабарлады.


Тажикстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү болгон, бирок келишим болгон эмес.


"Өткөн жума Кыргызстан тарап өлкөдө энергетика жетишсиздигинен улам бизге электр энергиясын импорттоп алуу тууралуу кайрылган. Ал маселе тажик өкмөтүндө каралып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга электр энергиясы сатыла элек",- деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алуу башталганын билдирген. Ал электр энергиясы өлкөнүн түштүк регионуна колдонуларын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн