Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тажик бийлиги Жерге-Талда жашаган кыргыздарга кысым жасап жатат

03.05.2021 21:37
890
Тажик бийлиги Жерге-Талда жашаган кыргыздарга кысым жасап жатат

Тажикстандын Жерге-Тал (таж.Лахш) районунда жашаган кыргыздарга бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жерге-Тал районунда жашаган тургундардын бири «7tv.kg» сайтына кайрылып, учурдагы абал тууралуу билдирди.


Анын айтымында, тажик бийлиги Жерге-Тал районунда жашаган кыргыз жарандарына: «Тажикстандын паспортун алгыла же аймактан чыгып кеткиле», — деген талап коюп келишкен. Ал ушундан улам үй-бүлөсүн Тажикстанга таштап Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон.


«Тажикстандын Жерге-Тал районунда 54 айыл бар. Анын 4-5 айылында кыргыздар жашайбыз. Кечээ, 3-май түнү 10го жакын жаранды автоунаага салып барып чек арадан чыгарып жиберишиптир. Алар дагы азыр Кыргызстанда. Биз ал жакта жайгашып, дос-тууган күткөнбүз. Үй-бүлөм менен сүйлөшүп жатам, алар Тажикстандын жарандыгын алышкан. Аларга эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Кыргыз паспорту менен жүргөндөргө көп асылышат. Ата-энеңе, досторуңа там салышып жардам берип жатсаң милиция кызматкерлери келип 130 миң сом айып пул салып кетишет. Айла жок төгөсүң. Анын бирден-бир себеби, биздин тажик жарандыгын албаганыбызда. Буга чейин элчиликке кайрылганбыз, бирок бир дагы натыйжа болбоду», — дейт ал.


Белгилей кетсек, Жерге-Тал району 1931-жылы 10-мартта Тажик ССРи тарабынан түзүлгөн. Калктын басымдуу бөлүгү кыргыз улутундагы жарандар. Түндүгүндө Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешет.


Булак: 7tv.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн