Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Тажик бийлиги психикалык ооруканадагы бейтаптардын 50 пайызына COVID-19 жуккандыгын жашырууда

04.06.2020 17:52
1156
Тажик бийлиги психикалык ооруканадагы бейтаптардын 50 пайызына COVID-19 жуккандыгын жашырууда


Тажикстандын Согдий облусунун аймагында жайгашкан психиатриялык ооруканадагы бейтаптардын 50 пайызга жакыны коронавирус жуктуруп алышты, деп маалымдады “Озоди” радиосу. Бирок, оорукананын жетекчилиги мындай факты жок деп танууда.


Кечээ, 3-июнда жакындарын көрүүгө баргандарга ал жерде иштеген эки дарыгердин “бейтаптардын 50 пайызына коронавирус жукту” деп айткан сөздөрүн жаздырып алышкан, дейт “Озоди” радиосу.


Адистердин пикиринде, мындай категориядагы бейтаптарды дарылоо татаал. Тажик психиатры Баракатулло Ниёзов дарылоо үчүн жандуу илдет менен ооругандарга психотроптук препараттарды азайтуу же таптакыр токтотуу керек дейт.


Кошумчаласак, соңку маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуккандардын саны 4191ге жетип, алардын 48и каза тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн