Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:10
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Тажик бийлиги жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды

27.05.2021 11:27
1034
Тажик бийлиги жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды

Тажикстан жарандарын Кыргызстанга барбай турууну суранды. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.


Эске салсак, 25-майда Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылган. Буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болгон.


"Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майындагы №12 буйругун алдын ала эскертүүсүз кабыл алгандыгына байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарынан ал жакка барбай турууну суранат. Кыргызстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүүдөн да карманып туруңуздар. Түрдүү транспорт менен жүргүнчү жана жүк ташып иштегендер Кыргызстандан башка үчүнчү өлкөнүн альтернативдик жолдору аркылуу өтүңүздөр", — деп  маалымат тараткан Тажикстандын ТИМ кызматы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн