24-мартта Арка-Борбордук унаа жолунун аймагында Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу орун алды.
Жолугушууга эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн да катышканын Чек ара кызматынан кабарлады.
"Жолугушуунун жыйынтыгында коңшу тарап кыргыз тарапка Тажик жарандары тартып алган Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин АК-74 автоматын кайтарып беришти. Ошондой эле тажик тарап радиостанция издөөнү уланта турганын билдирди. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - дешет маалымат кызматынан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн