Акыйкатчы Токон Мамытов кыргызстандык жүк ташуучу унаанын айдоочусу Виталий Шульц менен кырдаалды көзөмөлгө алды, ал тажик чек арачылары тарабынан барымтага алынган. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эл аралык транспорттук жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон Виталий Шульц аттуу кыргыз жараны Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында калгандыгы жана өлкөдөн чыгып кете албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тажик чек арачылары ага Кыргызстандын аймагындагы тажик жарандарынын мүлктөрүн тартып алышканына жооп катары барымтага алынганын айтышкан. Чек арачылар ага Тажикстандан жүк ташуучу унаасын калтырып чыгып кетиши мүмкүн экендигин айтышкан.
Токон Мамытов Акыйкатчы институтунун адистештирилген бөлүмүнө Тажикстандагы адам укуктары боюнча акыйкатчы Умед Бобозодага кайрылып, кыргыз жаранынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана эркиндигин коргоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Пикирлер (2)