Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тажик президенти Эмомали Рахмонго кол салуу учурундагы сейрек кадрлар (видео)

10.06.2020 12:05
2085
Тажик президенти Эмомали Рахмонго кол салуу учурундагы сейрек кадрлар (видео)


Тажик журналисти Нилуфар Азиз «Дурбини ҳақиқат» («Чындыктын камерасы») аттуу өзүнүн 12 мүнөттүк документалдык тасмасын жарыялады. Анда 1997-жылдын 30-апрелинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Худжанд шаарында кол салуудагы видеокадрлар колдонулганын, «Ахбор» парталы жазды.

 

Бул кадрлар президенттин басма сөз кызматынын архивинен биринчи жолу жарыяланып жатат. 


Нилуфар Азиз өзүнүн тасмасында белгилегендей, Худжанд шаарындагы кол салуу учурунда президенттин өмүрүн Якуб Салимов (ошол учурда Тажикстандын бажы кызматынын бшчысы) эмес, президенттин башкы жан сакчысы Мурод Саидов сактап калган. 


Курал, жардыруучу зат колдонулган кол салуу учурунда 50дөн ашык адам, президент Эмомали Рахмон жана Якуб Салимов жаракат алган. Бирок, бутунан жаракат алган президент дрыгерлердин кароосунан кийин, жарым саат өткөн соң кайра театрга келип, чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн, деп баяндайт Нилуфар Азиз. 


Якуб Салимов түрмөдө отурганда, президентке кол салуу учурунда, ал өлкө башчысын денеси менен тоскондо жараат алганын билдирген. Алган жарааты азыркыга чейин аны кыйнап келгенин айткан. 


Президенттин өмүрүнө кол салууну уюштурууга бир нече адам айыпталган, анын арасында спортчу «Тайсон» каймана аты менен таанымал Хуршед Абдушукуров жана Тажикстандын мурунку премьер-министри Абдумалик Абдуллоджановдун бир тууганы Абдулло Абдулладжанов да бар. «Тайсон» кол салуу учурунда өлтүрүлгөн, ал эми Абдулладжановдун бир тууганы өлүм жазасына тартылган. 


Кол салуудан 4 ай өткөндөн кийин Якуб Салимовго аталган ишке катыштыгы бар делип айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2004-жылы кайтарылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Якуб Салимов 2016-жылдын июнь айында эркиндикке чыккан. Акыркы 4 жылдан бери Дүйшөнбү шаарында жашайт. 


Мурод Саидов президентьке кызмат кылганы үчүн генерал-лейтенант наамы менен сыйланып, учурда президенттин Коргоо кызматынын башчысы болуп эмгектенет. Азыр ал Тажикстандагы эң таасирдүү адамдардын бири болуп саналат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн