Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тажик социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү саясий куугунтукка алынуудабы?

26.06.2020 20:50
1045
Тажик социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү саясий куугунтукка алынуудабы?


Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы Рахмотилло Зойиров партиянын мүчөлөрү бийлик тарабынан куугунтукталууда деп айткандыгын “Озоди” радиосу кабарлады.


Мындай билдирүүнү партиянын лидери социалдык тармактар аркылуу 23-июнда тараткан. Басылманын маалыматына караганда, Гиссар шаарынын күч түзүмдөрү партиянын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаевдин Германия элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусуна тоскоолдук кылышкан. Жергиликтүү бийлик органдары социал-демократтарды куугунтуктап, коркутуп-үркүтүүлөрүн улантууда.


“ТСДПнын Вахдат району боюнча бөлүм башчысын куугунтуктоо менен жүдөтүп бүтүрүштү. Гарм районундагы мүчөбүзгө иш козгоп, камап коюшту, араң бошотуп алдык. Саясий кеңештин мүчөлөрүнүн бири абакта отурат, экинчиси Москвага кетүүгө аргасыз болду. Гиссар районунда Махмурод Одинаевге көп жылдан бери тынчтык жок”, - деп жазды Зойиров.


Эксперттердин пикиринде, шайлоолор алдында куугунтукка алуу Тажикстанда көндүм көрүнүш. Ошону үчүн аракеттеги президент Эмомали Рахмон 1994-жылдан берки төрт президенттик шайлоолордо жеңип чыккан. Негизи эле авторитардык режимдер үчүн саясий оппозиция менен күрөштө мамлекеттик ресурстарды колдонуу салт болуп саналат, Тажикстан андан четте эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн