Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал саат 11:30га карата салыштырмалуу курч бойдон калууда. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, чыр-чатак орун алган жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы X. Пиракзоданын жолугушуусу өтүп жатат.
"Ок атпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй маал-маалы менен ок атып жатат. Саат 11:30га карата КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жана жаракат алгандар жок", - деп айтылат маалыматта.
КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн