Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тажик тарап оор курал колдонуп жатат. Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кетти

27.01.2022 20:32
1364
Тажик тарап оор курал колдонуп жатат. Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кетти

27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Саат 19:30га карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.


Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн.


Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын атышуулары жүрүп, тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн