Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажик тарап жардырып жиберген 36 метрлик көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат

28.09.2022 13:31
817
Тажик тарап жардырып жиберген 36 метрлик көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун 7-чакырымындагы 36 метрлик көпүрөнү калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, азыркы учурда темир курама орто унаа көпүрөнү орнотуу иштери жүрүүдө.


Аткаруучу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол курулуш башкармалыгы.


Эскерте кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. Ал 17-сентябрда тажик аскерлери тарабынан жардырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн