Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип кеткенине эл аралык коомчулуктун көңүлүн кантип бурдурабыз?

04.06.2021 12:13
2339
Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип кеткенине эл аралык коомчулуктун көңүлүн кантип бурдурабыз?


Коңшулаш Тажикстандын аскердик күчтөрүнүн Кыргызстанга карата жасап жаткан мамилеси тынч жаткан арстанга туш-тарабынан тиш салып көргүсү келип жаткан чөөлөрдүн образын көрсөтүп жаткансыйт. Апрель айынын акыркы күндөрүндө Баткен облусундагы Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарына куралдуу кол салуу жасап, эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетирип, эл аралык нормаларды да тебелеп-тепсеген эле. Кыргыз айылдарынын үйлөрүн, бир катар башка обьектилерди да өрттөшкөн. Миномет менен аткылап, тик учактан да ок жаадырышкан.


Ошентип өздөрү мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирип, куралдуу кол салуу уюштуруп алышып, кайра бет тырмоочулук жасап, Кыргызстанды айыптап башкы прокуратурасы кылмыш ишин да биринчи болуп козгоп жиберген. Андан кийин гана Кыргызстандын башкы прокуратурасы тажик аскерлерине карата кылмыш ишин козгогону маалым.


Эми алар бул ирет Ош облусунун Чоң-Алай районундагы эки өлкөнүн ортосундагы тактала элек тилкеге контейнер орнотуп, Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип кетишкен. Муну чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 4-июнда түнкү саат 3тө орун алган. Ал жерге тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техникалар топтоло баштаган. 


"Кыргыз тарап абалды жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшап, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө кайрылууда. Бирок Тажикстандын расмий адамдары телефон чалууларга жооп бербей жатат", - деп билдирди Чек ара кызматынын маалымат кызматы. Ошондо Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү бул көрүнүштү атайын эле жасап жаткан жокпу деген суроо жаралат. Эгерде алар чек арадагы кырдаалдын тынч болушуна кызыкдар болушса, анда эмнеге түндөгү көрүнүштүн жасалышына жол беришти?


Булардын көздөгөнү ири согуш отун тутантуу болуп жаткан жокпу? Эмне үчүн мамлекеттик чек араларды тактоону сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн ордуна, согуштук провокацияларды жасоо жолун тандап алышты? Эмне үчүн Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип кетишти? Бул ачык эле баскынчылык аракет болуп саналбайбы?


Албетте, тажик тараптын түрдүү провокациялык аракеттерине жараша кыргыз бийлиги да кандайдыр бир пландарды түзүп жатса керек деген ишеним бар. Ошентсе дагы, бул көрүнүшкө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу зарылчылыгы бар сыяктуу. Адегенде Баткен облусундагы кыргыз айылдарына бастырып киргендерине, эми минтип Чоң-Алайдагы чектеш аймакта жасап жаткан кадамдарына баа берүүнү өтүнүп, БУУга, Женева конвенциясына кайрылсак болбойбу? Кыргызстандын ашкере сыйы, достук мамилени жана мыйзамдуулукту сактоо аракеттерин тажик тарап корккондук катары кабылдап жаткан жокпу?


Албетте, согуш эч качан болбой эле койсун. Согуш деген бул - кайгы-муң, өлүм-житим, чаңы асманга сапырылган талкалоолор жана кыйроолор. Бирок, тынчтыкты кааласаң, анда согушка даяр бол деген сөз бар. Коңшулаш Тажикстандын акыркы жасап жаткан аракеттери кыргыз армиясын жок эле дегенде 10 эсе күчтөнтүү зарыл экендигин көргөзүүдө.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн