Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тажик тараптын чек ара маселесин тынч, дипломатиялык жолдо чечүү ниети жоктугу көрүндү

30.04.2021 15:19
1042
Тажик тараптын чек ара маселесин тынч, дипломатиялык жолдо чечүү ниети жоктугу көрүндү


К. Ташиевдин чет жерде жүргөнүнө карабай токтоосуз учуп келип, Баткенге барып, кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, абалды жөнгө салуу иштерин жүргүзө баштаганы кубандырат. Эми буйруса кырдаал турукташып, акырындап жай турмушка кайталы деп тилек кылалы.

Болуп өткөн кайгылуу окуя Эмомали Рахмон баштаган тажик бийлигинин чыныгы жүзүн көрсөттү. Алардын арам ойлорун, кутум максаттарын, көксөөлөрүн айгинеледи. Чек ара маселеси шылтоо эле болбосо, тажик тарап душман жасачу кадамга барышты. Кошуна, достук мамиледеги өлкөлөр экенибизди ойлоп да коюшкан жок. Буга чейин орун алып келген көптөгөн чакан конфликттердин баары Тажикстандын жогорку бийлигинин ишаараты менен алдын ала пландоолордун негизинде болуп келгенине биротоло ынандык. Тажик тараптын чек ара маселесин тынч, дипломатиялык жолдо чечүү ниети жоктугу даана көрүндү.

Эми бул биздин өлкө башындагыларга сабак болушу зарыл! Кырдаал эртең эле турукташып кетери кыйын, аймактагы чыңалуу бир топ убакытка созулушу толук ыктымал. Андыктан биздикилер сагызгандай сак болуп, алдын алуу, чек ара аймактарындагы жашагандардын коопсуздуктарын сактоо иштерин күндөп-түндөп жүргүзүүлөрү керек. Балким, ал үчүн Коргоо министрлигин өлкөнүн түштүгүнө көчүрүү да максатка ылайык келер…

«Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» демекчи, кайгылуу окуядан кийин элибиздин бир муштумдай биригип, ынтымакка келип, өлкөнүн бардык дубандарынан жардамдарды жөнөтүшүп, жигиттерибиздин Баткенди коргоого даяр экендиктерин билдиришип жаткандыктары чексиз кубантты. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин амандыгы, тынчтыгы баарынан кымбат экенин ар бирибиз жүрөгүбүздөн өткөрдүк.

Ылайым эле бүгүнкүдөй биримдигибиз, ынтымагыбыз, уюшкандыгыбыз ар дайым болуп, эгемендүүлүгүбүздүн баа-баркына, кадырына жетели!

Мирлан Дүйшенбаев, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Достук деп еле кучакташа бербей тажик менен жаап сал чек араны.