Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Тажик тараптын тактикасы

29.04.2021 20:44
981
Тажик тараптын тактикасы


Буга чейин да жазгам, дагы жазуунун ыңгайы келип туру. Байкасаңыздар, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалдарын ар дайым тажик тарап баштайт. Кыргызстандын жашоочуларына каршы ок чыгарат, таш ыргытат, барымтага алат ж.б. Бир нерсени белгилеп кетейин, Тажикстанда эң жогорку бийликтин “добросу”, ишаараты жок бир чиновник ашыкча сүйлѳй албайт. Чек арадагы ок атуулар да ушундай ишаараттар аркылуу болот.   Булардын баары  жѳн жерден эмес. Бул тажик бийлигинин чек ара маселелерин ѳздѳрүнүн кызыкчылыктарына жараша чечип алууга болгон тактикалык кадамдары. Алар чек ара кыргыз эли үчүн ѳтѳ кѳйгѳйлүү, талылуу,  жалпы элди түйшѳлткѳн  маселе экенин, чек арада чыр болсо эл кѳтѳрүлүп, бийликтин айласын кетире турганын жакшы билишет. Мына ушул жагдайды ѳз ыңгайларына жараша пайдаланууга аракет кылышууда. Алардын максаты – ок чыгарып, таш ыргытып, чагымчыл аракеттерди уюштуруу менен Кыргызстандын ичиндеги саясий стабилдүүлүккѳ бүлүк түшүрүп, кыргыз бийлигинин айласын, шаштысын кетирүү менен кыргыз расмийлерин чек ара маселелеринде ѳздѳрү каалагандай макулдашууларга баруусуна жетишүү. “Чек арага чектеш аймактарда чагымчылдык аракеттерди кыла берсек, кыргыз бийлиги айласы кеткенде маселеге батыраак чекит коюуга шашылышып, биздин шарт, талаптарга макул болушат” – деп ойлошот. Тилекке каршы, тажик бийлиги ѳзбек бийлигинен айырмаланып,  чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоодо ушундай жолду тандап алышкандай таасир калтырат... 


Ал эми Камчыбек Ташиевдин чек ара маселелерин колго алуусу тажик тараптын огобетер итатайын келтирүүдѳ. Атүгүл Ташиевдин кызматтан кетип, анын ордуна жүүнү бош, тең ата сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ жѳндѳмсүз,  илең-салаң абалдагы адам келсе дегенде тажик тараптын кѳздѳрү тѳрт. Анткени, Камчыбек Ташиевдин батылдыгы, чечкиндүүлүгү, кайраттуулугу, тажик тарап менен тең ата сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, маселени кабыргасынан коюп, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, жактап жаткандыгы, жумшак айтканда, тажик бийлигине  жакпай атат. Ушул жагдайды эстен чыгарбасак.


Камчыбек мырза бул  маселени колго алгандан бери анын дарегине не деген гана сѳздѳр, сындар, айыптоолор, каралоолор  болгон жок. Деги бизге эмне жагат? Сүйлѳшүүлѳрдү ачык айтып, кошуна ѳлкѳлѳр менен тең ата сүйлѳшүп, эл менен жолугушууларды ѳткѳрүп, алардын айткандарын угуп, кеңешип, талаптарын эске алып, айтор, жергиликтүүлѳр менен тыгыз иштешип атса да жакпай жатат. “Ташиев жерлерди берип жатат” дегендей кептер суу кечпейт. Ташиев жерлерди берип, улутка, ѳлкѳгѳ кыянат, чыккынчылык  кылчу адам эмес. Ал эми жерлердин алмашып, айрым “уступкаларга” барып жатканы мыйзам ченемдүү, болчу нерсе. Ансыз чек ара маселеси  5 кылымда да чечилбей турганын бѳркүбүздѳй кѳрѳлү. 


Ток этерин айтканда, азыр ашыкча кеп-сѳздѳрдү токтото туруп, Ташиевди жалпылап колдоп, чек ара маселелеринде бир позицияда бололу. Сындасак конструктивдүү сын айталы.  Ташиев иштерди аягына чыгарсын, эгерде жаза тайса, катачылык кетирсе, жерлерибизди берип ийсе, жоопкерчилигин суроого ар дайым жетишебиз. Камчыбек мырзаны нормалдуу  иштетпей, туш тараптан “жулмалап”, айыптап, каралай берсек, кошуна ѳлкѳлѳрдүн гана чырактарына гана  май тамызабыз. Ошону унутпасак...


Мирлан Дүйшенбаев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн