Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тажикстан 25-июндан тарта Россиядан өз жарандарын кайтара баштайт

19.06.2020 16:44
1107
Тажикстан 25-июндан тарта Россиядан өз жарандарын кайтара баштайт


25-июндан тарта Тажикстан өз жарандарын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбергдан этап-этабы менен кайтарууну баштайт деп билдирди бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.


Чартердик каттамдарды уюштурууда артыкчылыктар биринчи кезекте оорукчан жарандарга, балалуу аялдарга, улгайган адамдарга, студенттерге, ошондой эле Россияга кызматтык максаттар менен баргандарга берилет.


Москвадагы элчиликте, Санкт-Петербург, Екатеринберг, Навосибирск жана Уфа шаарларындагы башкы консулдуктарда атайын комиссиялар түзүлүп, алар тизмелерди тактоо менен алектенишет. Кошумчаласак, 18-июнга карата Тажикстанда вируска кабылгандардын саны 5279ду, каза тапкандары 51ди түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн