Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Тажикстан 345 этникалык кыргызды Ооганстанга кайтарды

19.07.2021 10:07
2464
Тажикстан 345 этникалык кыргызды Ооганстанга кайтарды

"Талибан" кыймылынан кооптонуп Тажикстандын аймагына кире качкан ооганстандык этникалык кыргыздар кайра Ооганстанга кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматы билдирген.


Маалыматка караганда, 12-13-июлда Тажикстанга качкан 345 этникалык кыргыздар 18-июлда туруктуу жашаган Бадахшан аймагына кайтып кеткен.

Алар өздөрү менен кошо мал жандыктарын да айдап кеткен.


Этникалык кыргыздардын кайтарылышы тажик бийлиги менен Ооган бийлигинин келишиминин негизинде ишке ашкан.


Ооган бийлиги качкындардын коопсуздугуна кепилдик бере турганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн