Бугу 01, 2024
Убакыт: 15:01
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тажикстан 99-орун. Дүйнөлүк рейтингде кыргыз армиясы канчанчы орунда турат?

05.09.2021 12:36
5910
Тажикстан 99-орун. Дүйнөлүк рейтингде кыргыз армиясы канчанчы орунда турат?


Кыргызстандын куралдуу күчтөрү "Global Firepower Index - 2021" глобалдык аскердик күч рейтингинде 140 өлкөнүн ичинен 93-орунду ээледи.


Кыргыз армиясы куралдын деңгээли жана сандык күчү боюнча Зимбабве, Грузия, Камбоджа жана Гватемала менен бир катарда болгон.


Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө 11 миң жоокер жана офицер бар.


Республика 150 танк жана 400 башка бронетехника, 159 даана артиллерия, 30 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш, 21 учуруучу ракета системасы, ошондой эле жети тик учак, анын ичинде эки согуштук курал менен куралданган.


Борбордук Азия аймагындагы эң кубаттуу армия катары 51-орунда турган Өзбекстандын армиясы таанылган. Андан кийинки орунда Казакстан турат - 61-орун. Түркмөнстан рейтингдин 86-сабында турса, Тажикстан 99-орунду ээледи.


Дүйнөлүк аскердик күч рейтингинде АКШ, Россия жана Кытай дагы эле лидерлер. Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан дагы алдыңкы 10го кире алышкан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зуура
Бул маалымат жашыруун болуш керекби деймин да