Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тажикстан БТР, БМП колдонууда. Чек арадагы атышуу уланууда

16.09.2022 09:54
541
Тажикстан БТР, БМП колдонууда. Чек арадагы атышуу уланууда

Бүгүн, 16-сентябрда саат 09:30да кыргыз-тажик чек арасында куралдуу ок атышуу жүрүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

       

        Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

        “Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.

        Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

        КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.

        Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда.

        КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

        

                                         

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн