Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстан Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөө боюнча иш алып барат

23.07.2021 14:17
1665
Тажикстан Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөө боюнча иш алып барат

Тажикстан өкмөтү тиешелүү органдарга Кыргызстан менен мамилени чыңдоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу "Азия Плюс" билдирди.


Тажикстан өкмөтү тиешелүү структураларга Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерди макулдашууну жана кол коюуну тапшырды.


Тактап айтканда, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда стандартташтыруу, метрология, өнүмдүн шайкештигин баалоо жана аккредитация жаатында кызматташуу жөнүндө келишим түзүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, тараптар пенсия жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун макулдашып, кол коюшат.


Ветеринария жаатында кызматташуу меморандумдарынын долбоору, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү структураларынын ортосундагы жаштар саясаты макулдашуу жана бекитүү стадиясында турат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Умутбек.
Биринчи кезекте чек араны чечкиле,мен мисалы Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен жерде жаңы жер айыл өкмөтүнүн жашоочусумун, мен стройка баштабай отурам , себеби биз элдер чочулап калдык ал жерде жашагандан, тамын сатыкка койгондор чачтан көп, эч кимде желания калбай баратат.
Мир
Чек ара керек чек ара