Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Тажикстан Кыргызстан менен чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерин жапты

25.03.2020 11:08
923
Тажикстан Кыргызстан менен чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерин жапты


Тажикстан 24-марттан тартып Кыргызстан менен болгон бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди жапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянып, тажик басылмалары жазышууда.  


Маалыматка ылайык, мындай чара Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган жана абал турукташканга чейин сакталат.


Ошол эле учурда өткөрмө бекеттер аркылуу өлкөгө кирип жаткан тажикстандыктар, чыгып жаткан чет өлкөлүктөр, жүк ташуучу автоунаалар, өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, Тажикстанда аккредитациядан өткөн дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өткөрүлүп турат.


Азыр Тажикстанда коронавирус илдетине чалдыккандар жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн