Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстан: Кыргызстан суу сактагыч кура турган болсо, биз менен макулдашышы керек

27.04.2021 14:50
4037
Тажикстан: Кыргызстан суу сактагыч кура турган болсо, биз менен макулдашышы керек

Кайраккум суу сактагычынан суу алып турган Тажикстандын Гафур аймагындагы Кыргызстандын суу насостук станциясы Лейлек району үчүн секундасына 3-3,5 кубометр суу чыгарат. Бул тууралуу “Азия-Плюс” порталына Согди облусунун мелиорация жана сугат департаментинин директорунун орун басары Халим Хожиев билдирди.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин Баткен районундагы Козу-Баглан суусуна суу сактагыч куруу боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Хожиев чек ара аймактарында суу сактагыч куруу маселеси   мамлекеттер аралык келишим деңгээлинде чечилиши керек деди.

«Кыргыз тарап Хожабокиргон дарыясынын башатына суу сактагыч курууну биринчи жолу каалап жаткан жок. Бирок сүйлөшүүлөр улантылууда, же биз чогуу курабыз, же бул сүйлөшүүлөр кандайча бүтөрү белгисиз. Чек ара аймактарында суу сактагычты куруу мамлекеттер аралык келишимдин деңгээлинде чечилиши керек. Келишимдерге ылайык, Кыргызстан суу сактагыч кургусу келгенде, биз менен макулдашып, биздин кызыкчылыгыбызды эске алышы керек», - деди ал.


Хожиев белгилегендей, учурда тараптар Хожабокиргондон келген сууну биргелешип колдонуп жатышат.

«Азыр Тажикстан бул дарыядан секундасына 600 литр суу алат, суу ичүү үчүн  жиберилет. Ичүүчү суу Ходжент жана Бустон шаарларынын, Бободжонгафуров районунун Хистеварз жамаатынын жана Джабборрасулов ​​районунун Точикобод жамаатынын тургундарына берилет. Ошондой эле, Овчи-Калача жамаатындагы 9 миң гектар жер Хожабокиргон дарыясынан сугарылат», - деп кошумчалады Хожиев.


Булак: Борбордук Азия

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кама
Булардын коркуткандары ашыкча дагы колдорунан не келет эле,биз каалаган жерге каалаган маалда өзүбүздүн аймагыбызда куралабыз,неге Тажикстандан сурайбыз Алла Алла😅