Тажик студенттери куугунтуктоолор жана коркутуулардан улам Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдордо окуусун улантууну каалашпайт", - деп Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзода билдирген. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Анын айтымында, апрель айынын аягында орун алган чек ара жаңжалынан кийин тажик студенттери куугунтукталып жатышканын министрликке бир нече жолу билдиришкен.
"Учурдагы кырдаалга байланыштуу студенттердин көпчүлүгү мындан ары Кыргыз өлкөсүндө окуусун уланткысы келбей тургандыгын билдиришти. Тажикстандын 2 миңден ашуун студенти бул өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алышат. Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдордо окуган тажик студенттери адистештирүү жана классификациялоо жолу менен Тажикстандын ЖОЖдоруна өткөрүлүп берилүүдө. Ал жерде бир дагы студент калбайт деп ишенимдүү айта алам", - деген Иномзода.
Мындан тышкары, Иномзода Кыргыз өлкөсүндө билим алган тажик студенттери окуган адистиги боюнча окуусун уланта алышарын билдирген.
Булак: "Супер.кг"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн