Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:48
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Тажикстан Кыргызстанга фейк маалымат үчүн нота тапшырды

28.04.2021 15:46
1660
Тажикстан Кыргызстанга фейк маалымат үчүн нота тапшырды


Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Хусейнзода Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков менен жолугушту. Бул тууралуу тажик басылмалары билдирди. 


Кыргызстандын элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен Ворухтун Кулик аймагында Тажикстандын жашы жете элек эки жаранына карата Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу тажик тараптын тынчсыздануусун билдирген нота алды.


М.Хусейнзода чек ара аймагындагы чыңалууга алып келген мындай мыйзамсыз аракеттердин жол берилбестигин билдирди. Ал кыргыз тарапты күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча тез арада чараларды көрүүгө жана анын жыйынтыгы боюнча тажик тарапка кабарлоого чакырды.


Эске салсак, бул окуяны тажик бийлиги фейк маалымат экенин билдиргенине карабастан тажик тарап элчиге нота тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн