Тажикстан 22-июлдагы аскердик параддан кийин 20 миң аскерин Ооганстан менен чектеш аймактарга жөнөттү. Бул тууралуу тажик басылмалары билдирди.
Мындай аракеттер тажик-афган чек ара аймактарын бекемдөө максатында жасалып жатканы айтылды.
Ошондой эле Тажикстандын көз карандысыздыкка жетишкен тарыхында биринчи жолу президент Эмомали Рахмон өлкө армиясынын аскердик даярдыгын текшерген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн