Тажикстан Россияга пияз экспорттоого тыюу салды. Буга өлкөнүн өзүндө пияздын кымбаттап кеткени себеп болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө сыртка 66 тонна пияз экспорттоду. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миң тоннага аз.
Өткөн жылы пияз Тажикстанда 1,5-3 сомониден сатылса, учурда 5-7 сомониге чейин жетүүдо. Дыйкандар жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын баасына байланыштырышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн