Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажикстан: Тоолуу Бадахшандагы операциядан кийинки алгачкы сүрөттөр жарыяланды (фото)

29.05.2022 01:03
1301
Тажикстан: Тоолуу Бадахшандагы операциядан кийинки алгачкы сүрөттөр жарыяланды (фото)

Социалдык тармактарда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тажик куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциядан кийинки алгачкы сүрөттөр жарыяланды.


Сүрөттөрдөн байкалгандай, бир нече адам каза болгон. Үйлөр өрттөнүп, аткылоого кабылган.


Эскерте кетсек, Тажикстандын ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан облусундагы Рушан районунда жол тоскон адамдарды кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары белгилеп, аларды тазалоо иштерин жүргүзгөн. 

Анын натыйжасында 8 адам өлтүрүлгөн.

Ал эми бейрасмий маалыматтарга караганда каза болгондордун саны андан да көп.


Бул операциянын жүрүшүндө Тоолуу Бадахшандагы эң абройлуу делген Мамадбокир Мамадбокиров да өлтүрүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн