Тажикстанда 9-июнга карата коронавирус жуккандардын саны 4 690ду түзүп, алардын ичинен 48и көз жумду.
Бирок, ушундай жагдайга карабастан, 15-июндан тарта бул өлкөдө соода борборлору, базарлар, мейманканалар, коомдук тамактануучу жайлар жана сулуулук жасалга салондору иштей баштайт.
Мындай чечим премьер-министр Кохир Расулзоданын төрагалыгы алдында Республикалык штабдын 6-июнда өткөн жыйынында кабыл алынган. Коопсуздук эрежелерин сактабаган (медициналык беткап тагынбаган же жеке гигиеналарды сактоону бузгандар) жарандарга жана юридикалык жактарга айыптар каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн