Тажикстан Кыргызстандын Душанбедеги элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу "Азия-Плюс" билдирди.
"Тажикстан Кыргызстандын билдирүүсү боюнча элчиге нааразылык нотасын тапшырды. Чек ара күзөт отряды Тажикстандын аймагында турат. Ал жер талаштуу аймак эмес. Эки тараптын сүйлөшүүсү менен келишилген келишимде көрсөтүлгөн",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын ТИМи тажик элчисине талаштуу аймакка контейнер орноткону үчүн нааразылык нотасын тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн