Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тажикстан эч кандай түшүндүрмөсүз 50 кыргыз жаранынын өлкөдөн чыгарды

05.01.2022 15:35
766
Тажикстан эч кандай түшүндүрмөсүз 50 кыргыз жаранынын өлкөдөн чыгарды

Тажик тарап Кыргыз өлкөсүнүн 50 жаранын эч кандай түшүндүрмөсү жок Тажикстандан чыгарып жиберди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.


"2-январь күнү болжол менен саат 20:20 чамасында мамлекеттик чек аранын "Карамык-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө Кыргыз Республикасынын 47 жараны өткөн.

Бул жарандар Тажик Республикасынын Жергетал районунун жергиликтүү жашоочулары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү Тажик жарандары жана Тажикстанда жашашат.


2022-жылдын 4-январь күнү дагы үч Кыргыз жараны Тажикстандын аймагынан чыгарылган. Кыргыз жарандары мыйзамдуу түрдө Тажикстандын Лахш (Жергетал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан райондоруна барып, жашаган жерлерине убактылуу каттоого турушкан. Бирок буга карабай 2022-жылдын 2-4-январь күндөрү тажик бийлиги эч кандай түшүндүрмөсү жок тууган-уруктары менен коштошуп алууга уруксат бербестен 24 сааттын ичинде Тажикстандан чыгарып жиберишкен. Кыргыз жарандары "Карамык-авто жол" жана "Бордобо-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу өтүшкөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн