Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстан эки жолу ок атышуу келишимин бузду

Тажикстан эки жолу ок атышуу келишимин бузду

Бүгүн, 16-сентябрь саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.


Бирок, тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.


Чек ара кызматынан белгилешкендей, саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн