"Рубеж 2021" ЖККУнун аскердик машыгуусуна Тажикстандын Куралдуу күчтөрү катышкан жок. Анын себеби тууралуу Азия Плюс агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына таянсак, Тажкистандын бардык региондорунда азыркы учурда өлкөнүн 30 жылдыгына карата парад өтөт.
"Биз Кыргызстанда өтүп өтүп жаткан ЖККУнун аскердик машыгуусун четке каккан жокпуз. Азыркы учурда өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бардык аймактарда командирлер баш болгон аскерлер парадга даярданууда. Ошондуктан өлкөнүн куралдуу күчтөрү ушундай чечим кабыл алды",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн