Тажикстанда коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана элди социалдык жактан коргоо министрлигине таянып, басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, COVID-19дан Казакстанда 35, Кыргызстанда 14 жана Өзбекстанда 13 бейтап көз жумду.
Ал эми Тажикстанда ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 1350 адамга жетип, анын 1008и дарттан сакайган.
Пикирлер (1)