Бугу 21, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери бирдей паритетте сүйлөшүүгө барышы керектиги сунушталды

30.04.2021 14:25
1051
Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери бирдей паритетте сүйлөшүүгө барышы керектиги сунушталды

Бул жарыкчылыкта чечилбей турган эч нерсе болбойт, деп билдирди тарых илимдеринин доктору, чек ара маселелери боюнча эксперт Досбол Нур уулу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине.

Анын пикиринде, кандай маселе болбосун тараптар бирин бири түшүнүп, орток пикир таап, чечсе болот. Чек ара маселесин мамлекет башчылары “ийри отуруп, түз кеңешип” ынтымак менен бирдей паритетте сүйлөшүү жолу менен гана чече алышат.

“Ошондуктан биринчи кезекте, Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров бири биринин тилин табышышы керек деп ойлойм. Анткени бул маселе өлкө башыларынын деңгээлинде диполматиялык жол менен чечиле турган маселе. Бул кырдаал сөзсүз ордуна келет, чечилбей турган эч нерсе жок”. – дейт тарыхчы.

Буга чейинки маегинде Досбол Нур уулу чек ара маселелери боюнча Камчыбек Ташиев баштаган жумушчу топтун аскердик сырларды эске албай, көмүскө иштөөнүн ордуна бардык жетишилген жыйынтыктарды коомчулукка ачык жарыя кылып жатканын сынга алган.   

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн