Чын курандын 02, 2025
Убакыт: 14:43
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Тажикстан менен суу, энергетитка объектилерин пайдалануу макулдашуусу ратификацияланды

26.03.2025 11:41
462
Тажикстан менен суу, энергетитка объектилерин пайдалануу макулдашуусу ратификацияланды


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Билдирүүгө ылайык, президент Садыр Жапаров "2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен ТР өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.


Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 19-мартта кабыл алынган.


Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объектилерге аларды пайдалануу максатында тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууну карайт. Ошол эле учурда үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталууда.


Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ошондой эле "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, жолдордун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо" боюнча мыйзамга кол койду.


Макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган. Анын алкагында эки автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу каралган.


Алар бейтарап макамга (статуска) ээ болушат:

- Дача – Капчыгай (Ходжаи Аъло – Ворух) Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт;

- Миң-Өрүк – Самаркандек (Ориено-Шуристон) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.

- Дача – Капчыгай (Ходжаи Аъло – Ворух) автомобиль жолун Тажикстан колдонот, Миң-Өрүк – Самаркандек (Ориено-Шуристон) автомобиль жолу Кыргызстан тарабынан пайдаланылат.


Ошол эле учурда макулдашуу менен Ош – Раззаков жана Исфара – Ворух жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болуп, бирдей укукта пайдалануусу каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн