Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тажикстан тараптан кыргыз жаранына ок атылды

02.06.2020 11:24
1425
Тажикстан тараптан кыргыз жаранына ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь түнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында болгон. Түнкү саат 1:20лар чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган. 38 жаштагы айдоочу Ош-Исфана автожолу менен кетип бараткан. Жыйынтыгында ал жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылган.



Маалыматта кошумчалангандай, ошол эле түнү эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолуккан. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп, автоунааларды, аймакты текшерип жатат. Саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп бааланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн