Тажикстандын борбору Душанбе шаарына 26 жылдан бери алгачкы ирет апрелде кар жаады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кар ар бир аймактарында ар башка көлөмдө жаап, анын калыңдыгы 18-20 сантиметрге жеткен.
Ошондой эле, Тажикстанда жаздын ортосундагы мындай көрүнүш чанда гана кездешчүү көрүнүш экени, өткөн кышта кар таптакыр жаабаганы айтылат.
Ал эми, Кескин сууктун келиши Борбор Азияга, анын ичинде Тажикстанга келген арктика циклонуна байланыштуу экенин билдиришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн