Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тажикстанда 27-июнда Улуттук биримдик күнү белгиленет

25.06.2020 14:58
1382
Тажикстанда 27-июнда Улуттук биримдик күнү белгиленет


Бул күн жалпы өлкөдө мамлекеттик маанидеги майрам болгондуктан, дем алыш деп эсептелет. Арийне быйыл майрам ишембиге туура келди, андыктан Тажикстан Республикасынын Эмгек Кодексинин 89-беренесине ылайык, кийинки аптанын дүйшөмбусү да дем алыш болот, ошентип тажикстандыктар үч күн катары менен эс алышат.


Бул тууралуу өлкөнүн Көз карандысыз профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Исмоил Файзизода “Авеста” агенттигине билдирди.


Эске салсак, Улуттук жарашуу күнү деп да аталган Улуттук биримдик күнү – майрам катары Тажикстандагы 5 жылга созулган жарандык согуштун аякташынын урматына 1998-жылы президент Эмомали Рахмондун жарлыгы менен жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн