Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Тажикстанда 30 жаштагы адвокат президенттикке талапкерлигин коёт

04.09.2020 16:53
1078
Тажикстанда 30 жаштагы адвокат президенттикке талапкерлигин коёт


Тажикстанда 30 жаштагы адвокат Фаромуз Иргашев 11-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.

Ал күн мурун  жарыялаган соцтармактардагы  видеокайрылуусунда анын талапкерлигин кайсыл бир саясий партия же коомдук уюм көрсөтпөгөнүн, шайлоого өз алдынча катыша турганын билдирди.

Тажикстанда президенттик кызматка мамлекеттик тилди билген, өлкө аймагында кеминде акыркы 10 жыл туруктуу жашаган жана 210 миң (жалпы шайлоочулардын 5% ашыгы) адамдын колун топтой алган жаран ат салыша алат.

Иргашев бийлик аны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартса, Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү мекемелерине арыз менен кайрыла турганын билдирди. «Мен баарын ойлондум, менде башка жол жок. Бүгүнкү күнгө карата 35 миң кишинин колун топтоого жетиштим. Мени ким коркутат айырмасы жок, артка чегинбейм. Коррупцияга каршы күрөшүүнү каалайм», — деди Иргашев.

Фаромуз Иргашев 2015-2020-жылдары Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мажлис депутаты болгон. Быйыл март айында Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына өтүүгө аракет кылып, бирок ийгиликке жете алган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн