Кулжа 26, 2024
Убакыт: 14:54
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун "Маңкурт" спектакли көрсөтүлбөй турган болду

24.05.2022 08:26
843
Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун "Маңкурт" спектакли көрсөтүлбөй турган болду

Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде чагылдырылган "Маңкурт" спектаклин көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, аталган спектакль 20-май күнү саат 18:00дө көрсөтүлмөк.


Театр жетекчилиги көрүүчүлөргө спектакль коюуга жогору жактан тыюу салынганын, билет алгандар акчасын кайтарып ала алышарын айтышкан. Спектаклге кайсы ведомство тыюу салганын театрдан айтышкан эмес.


21-майда Тажикстандын Маданият министрлиги жергиликтүү радиолордун бирине алар спектакль коёрдун алдында көркөм кеңеш менен премьераны макулдашып алууну гана суранышкандыгын билдирген. Башкармалык ошондой эле мындай тартип бардыгына тиешелүү экенин белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн