Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тажикстанда аскер прокуратурасы дүлөй адамдын армияга чакыртылышы боюнча абалды иликтөөдө

27.07.2020 14:49
1208
Тажикстанда аскер прокуратурасы дүлөй адамдын армияга чакыртылышы боюнча абалды иликтөөдө


Тажикстандын Гиссар шаарынын 24 жаштагы тургуну Дилшод Шафиевди дүлөй экенине карабай армияга күчтөп алып кетишкен. Анын бир кулагы туубаса укпайт, бир кулагы чала угат. Аскердик мөөнөтүн өтөп баштагандан эки жумадан кийин Дилшод кулагына байланышкан көйгөйдүн айынан бейтап койкасына жатып калган. 


Согди облусунун аскер прокуратурасы 23-июлда “Озоди” радиосуна маалымдагандай, алардын бул окуя тууралуу кабары бар жана ушул тапта Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына дүлөй баланын чакыртылышы боюнча абал аныкталып жатат.


“Биз анын дүлөй экенин айттык, бирок эч ким уккан жок”


Дилшоддун агасы Умеджон Шафиевдин айтып бергенине караганда, 20-апрелде милиция кызматкерлери инисин көчөдөн кармап алып, Гиссар шаарынын аскер комиссариатына алып келишкен. «Биз аскер комиссариатына Дилшоддун кулагы укпайт экенин, бул жөнүндө доктурдун корутундусу бар экенин түшүндүрдүк. Бирок эч ким уккан жок. Аны Согди облусунун Бустон шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 08362-аскер бөлүгүнө алып кетишти», - деди агасы.


Эки жумадан кийин Дилшоддун ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөй жаралган, мындан улам ал бир нече күн медициналык-санитардык бөлүктө жатып, бирок абалы начарлай бергендиктен аскер госпиталына жөнөтүшкөн. 

Ал жактан дагы дарылай алышкан эмес – кулагынан ириң булак болуп агуусу улана берген. 4-июнда Дилшодду Бободжон Гафуров районундагы борбордук ооруканага жаткырышкан. Дарыгерлер ушундай кулагы дүлөй адамды мөөнөттүү аскер кызматына кантип чакырышканына таң калышты”, - дейт Умеджон Шафиев.

 

23-июлда аталган борбордук оорукананын атын жашырган дарыгерлеринин бири тактагандай, Дилшод Шафиев аларга Бустон шаарындагы аскер госпиталынан жөнөтүлгөн. «Биздин ооруканада анын кулагына операция жасалды. Шафиев азыр жакшы болуп калды жана кайрадан аскер госпиталына жөнөттүк», - деп айтты дарыгер. 


Дилшод Шафиевдин жакындары Тажикстандын Коргоо министрлигине жана Согди облусунун аскер прокуратурасына кайрылып, анын оорусуна байланыштуу армиядан бошотууну суранышкан.

 

Аскер прокуратурасы Дилшоддун армияга чакыртылышы боюнча абалды иликтеп жатат


Аскер прокуратурасынын кызматкери Фаррух Рахимзода “Озоди” радиосуна маалымдагандай, бул жоокердин жакындарынан арыз келип түшкөндөн кийин тергөөчүлөр текшерүү иштерин жүргүзүп, тийиштүү документтерди Душанбе шаардык аскер прокуратурасына жиберишти. Анын айтымында, ишти Душанбе гарнизондук аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Ал эми Душанбе гарнизондук аскер прокуратурасынын тактоосуна ылайык, прокуратура кызматкерлери жана дарыгерлерден турган комиссия дүлөй адамдын армияга чакыртылышы боюнча бардык жагдайды иликтөөгө алууда. “Бирок аскерге күч менен чакырылганы тууралуу факт аныкталган жок, ал чакыруу кагазын аскер комиссариатынан алган”, - деп билдирди аскер прокуратурасынын атын жашырган кызматкери.


Бирок ошол эле учурда Дилшод Шафиевдин жакындары эч кандай чакыруу кагазын алышпаганын билдиришүүдө. Алардын ырасташынча, Дилшод көп жылдан бери врачтардын көзөмөлүндө болуп келген жана мындан бир нече жыл мурун дагы кулагынан операция жасаткан. Андыктан алар армияга чакыртылбайт деген ишеничте болушчу.


Тажикстанда аскерге чакыртуу бир жылда эки жолу жүргүзүлөт – жазында жана күзүндө. Ар бир чакырууда 15 миңден 16 миңге чейин 18 жаштан 27 жашка чейинки жаш адамдар кабыл алынат. 

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон март айында парламент жыйынында аскерге кызмат өтөөгө оорулуу жаш адамдар дагы күч менен чакыртылып жаткан фактылар аз эмес экенин четке каккан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн