Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 10:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Тажикстанда азык-түлүк 40 пайызга кымбаттаган

19.01.2021 08:54
602
Тажикстанда азык-түлүк 40 пайызга кымбаттаган

Тажикстанда 2020-жылы азык-түлүктүн айрым түрлөрү 42%, башка товарлар 6% чейин кымбаттаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги тажик бийлигине шилтеме берүү менен жазган.


Тажикстан президентинин алдындагы статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылы суу май 42,2%, шекер 40,7%, картошка 19,8%, жумуртка 18,9%, нан 13,8%, эт 5,7% мөмө-жемиш 4,7%, сүт 4,3% кымбаттаган.


Айыл чарба азыктары жалпысынан 13% чейин жогорулаган. Агенттиктин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, жемиштерден эң эле көп лимон – 24,3% кымбаттаган.

Өндүрүш товарларынын баасы 5,8% өскөн. Жеке гигиена каражаттары, курулуш материалдары, дары-дармек, кездеме, кийим жана бут кийим кымбаттаган.

Бул арада инфляциянын жалпы деңгээли мурда болжолдонгондой 7% эмес, 9,4% түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн