Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажикстанда азык-түлүк эки эсе кымбаттап, базарларда узун кезектер жаралды

06.03.2020 10:45
1390
Тажикстанда азык-түлүк эки эсе кымбаттап, базарларда узун кезектер жаралды


Коронавируска байланыштуу айың кептерден улам соңку 2-3 күндө Тажикстандын базарларында башаламандыктар орун алууда.  Элдер ар кандай айың кептерден улам, керектүү азык түлүктөрдү көп-көптөн алып коюга аракет кылышып, анын натыйжасында базарларда азык-түлүктөрдүн наркы эки эсеге көтөрүлүп, адамдардын узун кезектери жаралды. 


Бул башаламандыкты жөнгө салуу үчүн тажик бийлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди тынчтандырууга аракет кылууда. Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбагандыгы боюнча билдирүү таркатса, аталган министрликтин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин айтып чыкты.


Бирок бул тажик бийлигинин түшүндүрүү иштерине, элди тынчтандырууга болгон аракетине карабастан 5-мартта соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө узун кезекке турган учурлар катталды. Анда бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүүүгө аргасыз болгон.


Тажикстандын айрым аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү базарларга барып топтолгон элди тынчтандырууга аракет кылган учурлар да болду. 5-мартта Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода облустук базарларды кыдырып, бийлик коронавируска каршы баардык чараларды көрүп жатканын, андыктан чоочулоого негиз жок экенин айтты.


Бул окуялар менен катар эле Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салынды.


Тажикстандык айрым коомдук ишмерлер активисттер эл арасындагы дүрбөлөнгө тажик бийлигин айыптап, дал ушул тыюу салуулар элди козутууга жол ачканын айтып чыгышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн