Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:45
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тажикстанда эл садагага чабылып жатат

05.05.2020 18:42
2090
Тажикстанда эл садагага чабылып жатат

Тажикстандын Жерге-Тал районунда коронавируска шектелип 20дай адам каза болгону бейрасмий айтылып атат. Вируска шектелгендердин дээрлик көпчүлүгү тажик айылдарынын тургундары экен. Ошентип коронавирустан ал жактагы боордоштор катуу кооптонуп жатышыптыр.

 

Тажикстан буга чейин коронавирустун бар экенин эмне мынча жашырып келгенин түшүнбөйсүң. Андан көрө "Коку-уй, бул жакта катталды, мынча чыкты, тиги жактан катталды анча болду", - деп эрте эле элди карантинге тыгып, алдын албайбы дейсиң да. "Бизде жок", - деп отуруп, акыры чындыкты айтууга аргасыз болду го. Же эмне кепилдик алышкан бекен?

 

Жашырганы үчүн вирусту жуктургандар алгачкы эле күндөрү чоң сандар менен башталып отурат. Мурунку суткада (4-майда) 100дөн ашык адам бир күндө катталды. Болбосо Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус алгач каттала баштаган күндөрү жүздөн ашык болгон эмес. Негизи Тажикстанда COVID-19 жуккан адамдардын саны расмий айтылгандан алда канча көп болушу толук ыктымал. Бийликтер 300 деп атса, реалдуу жуккандардын саны 3 миң да болушу мүмкүн. Ошондуктан "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат", - деп коёт.

 

Мына эми, элге жайылып кетип, кантип токтотот? Анын кесепети бизге тийбей коёт беле? Биз эле эмес, Өзбекстанга да терс таасирин тийгезет. Эличи? Эл садага чабылып аткандай болуп атат. Элде эмне күнөө? Бийликтери эртерээк аракет көрбөйбү деген эле ой.

 

Бирок азыр да кеч эмес, Ал үчун туура багыт менен катуу иштеш керек!

 

Жерге-Тал, Мургаптагы боордошторго айтат элем, догдурлардын айтканын кылып, бардык санитардык-гигиеналык талаптарды так аткаргыла, адамдар менен болгон байланышты үзгүлө (утурумдукка эч нерсе болбойт), бийликтердин койгон талаптарын уккула дагы үйдөн чыкпаганга аракет кылгыла. Сак болгула, соо болгула!


(Фото: Жерге-Тал районунун аэропорту, июнь, 2018-жыл)


 Асанбек Пазылов, журналист




 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн