Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 01:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Тажикстанда фамилияларга "-ов/-ова" деген мүчөлөрдү колдонууга тыюу кирди

30.04.2020 08:34
1219
Тажикстанда фамилияларга "-ов/-ова" деген мүчөлөрдү колдонууга тыюу кирди


Тажик парламентинин төмөнкү палатасы "Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. 


Ага ылайык, өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн жарандардан башка адамдардын аты-жөнүн жазганда колдонууга тыюу салынат.

Маалыматка ылайык, буга чейин колдонулуп келген «-ов/-ова» жана «-вич/-овна» деген орусчалашкан суффикстерди мыйзамга толуктоо киргизилгенден кийин колдонууга болбойт. Ал эми буга чейин коюлуп калган фамилиялар өзгөртүлбөйт. 


«Бул өзгөртүүлөр паспортунда фамилиясы «-ов» же «-ова» деп жазылгандарга тиешелүү болбойт. Жаңы эреже аты-жөнүн өзгөрткүсү келген же алгачкы жолу документ алып жаткан жарандарга карата гана иштейт. Жаңы төрөлгөн балдарга аты-жөнү «пурдухт», «и», «зод», «зода», «он», «ён», иён», ниёр» жана «фар» деген улуттук суффикстер менен жазылган документтер берилет», — деп билдирген Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн