Тажикстандын Душанбе шаарында баңгизаттарды ташыган уюшулган кылмыштуу топтун 7 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Тажикстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алардан 70 килограммдан ашык героин, опиум жана гашиш табылып алынган. Бул топту “Кемпирдин уулу” деген кайман аты менен белгилүү болгон Муким Курбонов деген наркобарон башкарган. Баңгизаттарды Афганистандан алып чыгып, андан ары башка өлкөлөргө таркатып турганы айтылат.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү баңгизаттарын сатканда заманбап технологиялардын жардамы менен ишке ашырып турган. Кардарлардын кайсыл жерде экендиги тууралуу маалыматтарды WhatsUp, Viber жана ИМО аркылуу алып, акчаларды “Киви-Капчык” аркылуу өз эсептерине түшүрүп турган.
Маалыматка таянсак, кармалгандарга кылмыш иши козголгон. Аларды 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн