Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Тажикстанда кармалган үч кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды

26.11.2021 20:53
1110
Тажикстанда кармалган үч кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды

Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык үч жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Дагы үч кыргыз жараны жакынкы күндөрү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди.


Бүгүн, 26-ноябрда Чек ара кызматынын өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарды кайтарууга жетишилген.


Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын кайтаруу боюнча да келишимге жетишти. Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушууда мындан тышкары Борбордук - Арка (Худжант - Канибадам) жолунун боюндагы курулуштарды токтотуу маселеси да көтөрүлдү. Тажик тарап өздөрүнүн жарандары тарабынан жол жээгиндеги курулуштарды токтотуу чаралары көрүлөрүн маалымдаган.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн