Дүйшөмбү шаарында Айбек Махмудов аттуу кыргыз жараны 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24.кг агенттигине камалган жарандын атасы Назар Махмудов билдирген.
Анын айтымында, ал баласынын камалганын баласы менен чогуу кармалган балдардын атасынан уккан.
"Балам Жерге-Талга кеткен жубайынан кабар алуу үчүн Согди облусу аркылуу барган. Ал убакта пандемия деп чек ара жабык болгон.
Ошол жерден менин балам менен кыргыз жарандыгы бар Жерге-Талдык балдарды да милиция кармап, Дүйшөмбүгө которгон. Өткөн жуманын аягында уулумду 5 жылга камаганын уктум.
Ал менин жалгыз балам эле. Бир жаштагы неберем мени менен, келин Жерге-Талда",- деди Махмудов.
Ал бийлик өкүлдөрүнөн уулуна жана кыргыз жарандарына жардам берүүнү өтүнгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн